• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкектин түштүгүндө ҮДБ курулат

19 Теке 2023 17:48 Бишкек Govori.TV

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, тактап айтканда, Ленин районунун Семетей көчөсү 6 дарегинде үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулат. Капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, объект эки кабаттуу болот, жер участогунун жалпы аянты 1,264 гектарды түзөт.

Сметалык наркы 110 млн 840 миң 557 сом, 2023-жылга 39 000,0 сом каралган.

Количество просмотров: 96