• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкектин түштүгүндөгү жаңы көчөнүн курулушу жүрүп жатат

15 Баш оона 202411:39 Бишкек Govori.TV

Бишкектин түштүк тарабында жаңы көчөнүн курулушу уланууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Жолчулар ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жукеев-Пудовкин көчөсү Токомбаев көчөсүнөн тарта Балык Кумар көчөсүнө чейин 1,2 чакырымга узартылууда.

Учурда жолдун алдыңкы катмарын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жеринде калыңдыгы 3 метрге жеткен таштанды чыгарылып, ордуна 5 миң куб метр топурак ташылып келди. Даярдоо иштери толук кандуу бүтөрү менен суу өтүүчү системаларды орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Долбоорго ылайык жолдун туурасы 11 метрди түзөт, жалпы калыңдыгы 12 см эки кабат асфальт төшөлөт. Жол эки тилкелүү болуп, жээгине бордюр коюлат жана туурасы 3 метр тротуар салынат.

Количество просмотров: 213