• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин түштүк бөлүгүндө суу өчөт

18 Жалган куран 202611:46 Бишкек Govori.TV

Бишкектин түштүк жагында 19-мартта суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелери, социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы Ахунбаев көчөсү — Абай көчөсү — Сүйөркулов көчөсү — Байтик Баатыр көчөсү — Саманчин көчөсү — Масалиев проспектиси — Малдыбаев көчөсүн камтыйт.

Суу Д-300мм суу түтүгүн чыгаруу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» ишканасы ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 155