Бишкектиктер үйүндөгү жылытуучу радиаторлордогу жылуулук араң гана берлип жатканын айтышууда. Бул тууралуу жарандар соцтармак баракчаларына жазууда.
Алардын айтымында жылуулук берүүнүн солгундагыны күн сууктаган учурда болгону кыйынчылыктарды жаратып жатат.
«Кечээ түндөн бери батирлерибизде тоңуп жатабыз — радиаторлор араң жылыйт. ТЭЦтеги авариядан кийин жылуулук, ысык суу берилээри менен баары жайында болчу», — деп жазышууда тургундар.
Ушул сыңары билдирүүлөр шаардын ар кайсы аймактарынан да түшүүдө. Ал эми айрымдар жылуулук болсо да ысык суу жок экенин жазышууда.