• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин тургунунун үйүнөн 4 тонна таштанды чыгарылды

28 Теке 202214:53 Бишкек Govori.TV

Бишкектин жашоочусунун үйүнөн таштанды чыгаруучу бригада 4 тонна таштанды чыгарган.

«Тазалык» ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, таштанды Байтик-Баатыр №13/Б көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйдөн чыгарылган.

Маалыматта айтылгандай, үйдүн кожойкеси көп жылдан бери таштандыларды чогултуп келген. Коңшулары адам чыдагым жыт болуп жаткандыгын айтып тиешелүү кызматтарга кайрылышкан.

Жерине барган бригада үйдүн короосунан 4 тонна үй-тиричилик таштандыларын чыгарган. Үй ээси менен санитардык нормаларды бузууга жол бербөө боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Количество просмотров: 370