• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкектин вице-мэри алмашты

23 Аяк оона 2021 10:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин буйругу менен транспорт боюнча вице-мэр Русланбек Акылбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Борбор калаанын мэринин башка буйругу менен Орозов Талайбек Саратанбекович санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп дайындалды.

Количество просмотров: 270