Бишкектин Жумабек көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 100дөй жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты тартылган.
“Өрт турак үйдүн 1-кабатынан 10-кабатына чейин орнотулган электр калканычынан чыгып, ичин түтүн каптагандыктан 100дөй адам эвакуацияланган”, — деп билдиришти ӨКМден.
Белгиленгендей, тилсиз жоо түнкү саат 00:07де чектөөгө алынып, саат 00:48де толук өчүрүлгөн.
Өрт электр шаймандарын колдонууда эреженин бузулушунан келип чыккан.