Бишкек.26.02.2018.Govori.TV
Украиналык Юлия Михайлова аттуу диджей “Инстаграм” “толеранттуулугу төмөн өлкөнү көрүп таң калып жатам. Кыргызстан артисттер үчүн «кара тизмеге» кирди” деп жазды.
Бул билдирүүлөр кыргыз интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратууда.
Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту Украиналык диджей Юлия Михайлованы клубда жылаңач иштегени үчүн 5 күнгө камакка алып, клубдун администраторун көчө жумушуна кескен.Эртеси диджейдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна арызданып Михайлова бошотулган.
Эске салсак, мурдарак Казакстанда да ушул сыяктуу окуя болуп өткөн. Айжан Байзакова аттуу кыз түнкү клубда кыздарды чечиндирген оюн өткөргөнү үчүн 3 күнгө камалып чыккан.