• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

GovoriTV «Умтулуу – 2023» улуттук сынагынын атайын номинациясында жеңүүчү болду

16 Бештин айы 2023 8:59 Бишкек Govori.TV


Кыргызстандагы Интерньюс кесипкөй
журналистика чөйрөсүндөгү жылда өтүүчү «Умтулуу – 2023» улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземин өткөрдү. Бул тууралуу Интерньюс уюму кабарлады.

Быйыл жюри жеңүүчүлөрдү 6 номинациядан сынакка келип түшкөн 163 эмгектин авторлорунун арасынан тандады.

Атайын номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдүн
ысымдары да белгилүү болду.

“Темага берилгендиги үчүн кесиптештеринин
таануусу” атайын номинациясы боюнча
көп жылдан бери коомдук маанилүү темаларды
чагылдырып келген журналистттер арасында
тандоо жүргүзүлөт.

Бул жылы журналисттик коомчулук “Гендердик
теңчилик жана аялдардын укуктарын,
мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” темасын чагылдырууга салым кошуп келген кесиптештеринин арасынан тандоо жүргүздү. Жеңүүчү журналисттердин
арасында жүргүзүлгөн онлайн-добуш берүү
аркылуу аныкталды.

Добуштарды саноонун жыйынтыгында көпчүлүк
бул номинация боюнча белгилүү журналист,
“Кыйын” долбоорунун автору жана алып
баруучусу Кайыргүл Урумканованы жеңүүчү деп
тааныды.

Количество просмотров: 167