• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү кайрадан колдоп чыкты

5 Жалган куран 20258:46 Бишкек Govori.TV

УКМК башчысы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселеси боюнча өлкө башчысынын позициясын айтты.

Ташиев буга чейин 12 жылдык билим берүүгө карата өзүнүн кана тынчсыздануусун билдиргенин белгиледи.

Ошол кайрылуунун натыйжасында, бул маселе боюнча эксперттер, КР Билим берүү министрлигинин жетекчилиги, окумуштуулар жана тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен мамлекет башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда атайын жыйын өтүп, кеңири пикир алышып, талкуу болгондугу тууралуу Ташиев соц тармактарга жазып чыкты.

“Мамлекет башчысы да бул маселеге көңүл буруп, тынчсыздануусун билдирип, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен, билим берүүдөгү реформаны этаптарга бөлүү менен дыкат ишке ашыруу чечимин кабыл алды. Б.а. баштапкы ойлонуштурулган шартта эмес, акырындык менен, улам кемчиликтерин жоюп, жетишпегенин толуктап отуруп, ишке ашыруу чечими кабыл алынды, буга макул болсок болот”, — дейт Ташиев.

Анын айтымында, 12 жылдык окуу жөн гана кошумча бир жыл эмес, балдардын билим сапатын жогорулатуу, профилдик окууну кеңейтүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, мектеп программаларын дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтыруу, ЖОЖдордогу кайталанма сабактарды жоюу жана өлкөбүздүн билим берүү системасын келечекке багыттоо мүмкүнчүлүгү экендиги баса белгиленди.

“Ошондуктан, алдыга жылууну туура көрдүк. Себеби, биз президентибиздин толуктап, тактап, алдыбызга койгон тапшырмаларын так жана ийгиликтүү аткарууга милдеттүүбүз”, — деп кошумчалады Ташиев.

Количество просмотров: 643