• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Биз тумчугуп жатабыз» акциясы уланат

14 Бугу 2018 8:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.05.2018. Govori.TV
Бүгүн, экологиянын кескин булганышына арналган «Биз тумчугуп жатабыз» акциясы Бишкекте уланат. Бул тууралуу жашылдар партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев билдирди.
Анын айтымында, акыркыучурлдарда Бишкек шаарынын бийлиги бак-дарактарды мыйзамсыз кыйып, шаардын жаратылышына олуттуу коркунуч алып келгенин токтотпой жатат.
«Экологдор Бишкектин аасы ченемдерден 2-3 эсеге жогору булганып жатканына тынчсызданып келишет. Мэрия болсо Бишкекте жолдорду оңдоо жараяны менен көп жылдык, экологиянын тазалануусуна таасирин тийгизген дарактарды кыркып жатат. Ордуна болсо баасы кымбат көчөттөр келгени менен алардын өстүрүлүшү боюнча көзөмөл жок. Ошондуктан, биз бул маселени коомчулукка, Президентке, парламентке жеткирлеи деп жатабыз»,-деди ал.
Эске сала кетсек, «Биз тумчугуп жатабыз» акциясы буга чейин да болуп, ага шаар бийлигинин кайрылуусу менен сот тыюу салган эле. Кийин ал соттун чечимин шаардык сот жокко чыгарган.
Количество просмотров: 6