• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Биздин жол. “Элдин кулу” же “Бажарики”

21 Бугу 2019 15:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.

Владимир Зеленский Украинанын  мыйзамдуу президенти. Ал кызматка киришкен биринчи эле күнү Жогорку Раданы таркатып, Өкмөттү отставкага кетүү  сунушун киргизди. Мунун менен Зеленский чоң реформалдарды баштоо ниети бар экенин  көрсөттү.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн сот тармагында радикалдуу реформа жүргүзүүгө чакырды. Ал өзүн бийликке алып келген бир жыл мурунку революциянын «экинчи баскычы» башталып жатканын 20-майдагы конференцияда айтты.

Пашинян армия кызматкерлери, сот өкүлдөрү жана бир катар саясатчылар катышкан бул иш-чарада Армениянын сот системасы мурдагы «коррупциялашкан өкмөттүн» чеңгээлинде калганын белгиледи.

Ал эми бизчи,биз  ордубуздан жыла албай туугандарга чырмалышып  жатып калдык. Украина  “Элдин кулу” деп аталган сериалды реалдуу турмушка ашырышса, Кыргызстан “Бажарики” тасмасынын сериалын улантып жаткандай сезим калтырат.

Количество просмотров: 8