• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Талиева: «Онкологиялык борбору «бизнес-центр» болуп калыптыр»

3 Бирдин айы 202517:35 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Камила Талиева буга чейин коррупцияга шектелип кармалган Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери тууралуу пикирин айтып, борбордун ишин сынга алды.

Эске салсак, УКМК 37 жаштагы дарыгер операция, акысыз медициналык кызматтар үчүн акча алып жүргөнү аныкталганын билдирген. Ал ошондой эле акы төлөнчү кызматтарды реестрге каттабай, квитанцияларын бербестен бейтаптардан 2 миң сомдон 20 миң сомго чейин талап кылгандыгы айтылды. Дарыгердин иш бөлмөсүн тинтүү учурунда бейтаптардан алынган 119 миң сом жана 100 доллар табылган.

Количество просмотров: 309