• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Бизге тынчтык керек». Лейлектик энелер бийликке кайрылды

1 Бугу 2021 19:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-майда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесин чечүүнү талап кылган акция өтүп жатат.

Акцияга болжол менен 600гө чукул киши чогулду.  Нааразы болгондор кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтырууну, чек ара маселесин тез арада чечүүнү талап кылышууда. Алардын арасында лейлектик энелер бийликке кайрылуу жасашты.

62 жаштамын деген Рыфтиниса Кожокелдиева төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Элге тынчтык менен аманчылык керек. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы. Биз жашадык, өсүп келе жаткан муун тынч өлкөдө өмүр сүрүшү керек. Бизге тигил же бул ажонун келишинин кереги жок, бир гана тынчтык керек!»,-деди ал.

Количество просмотров: 450