• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Блогер Адилет Балтабай камакка алынды

12 Үчтүн айы 2023 17:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык сотунун 12-январдагы чечими менен жарандык активист Адилет Али Мыктыбек (Адилет Балтабай) камакка алынды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Такен Молдакулов билдирди. Анын айтымында, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун былтыр ноябрдагы пробациялык көзөмөл боюнча чечимин жокко чыгарды. Эми ал пробациялык мөөнөт бүткүчө камакта болот. Адвокат анын мөөнөтүн тактабады. Блогердин кайсы жайда кармалары айтылган жок.

Адилет Балтабай сот залынан элге кайрылып, пробациянын шартын бузбаганына карабай камалып жатканын айтты.

Жакында Адилет Балтабай Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын тарапташтары нааразылык акциясын колдоп митингке катышкан.

Блогер Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген. Былтыр 30-июнда милицияга суракка чакырылгандан кийин камалган. Биринчи май райондук милициясы ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Жапырт башаламандык») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 11-ноябрда аны күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, сот залынан бошотулган.

Количество просмотров: 839