• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адилет Балтабай абактан чыгат

29 Бугу 202616:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров камактагы активист Адилет Балтабайга ырайым берди. Бул тууралуу анын жубайы Гүлкайыр Жапарова ЖМКларга маалымдады.

Адилет Балтабай — блогер жана жарандык активист. Ал биринчи ирет 2022-жылы 30-июнда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө суракка чакыртылып, соттун чечими менен камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Жапырт башаламандык») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол эле жылы 11-ноябрда Биринчи май райондук соту Адилет Балтабайды күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, сот залынан бошотулган. Активист эркиндикке чыккандан кийин Кемпир-Абад иши менен камалгандарды колдогон пикирин билдирип, алардын жакындары уюштурган акцияга да барган. Бул кадамы пробациянын эрежелерин бузуу катары эсептелип, Бишкек шаардык сотунун чечими менен экинчи ирет камалган. Соттун өкүмү чыгып Петровка айылындагы түзөтүү мекемесине которулуп, ошол жакта камалып жаткан.

Жакындары 2025-жылы президент Садыр Жапаровго кайрылып, ага ырайым берүүнү сурашкан

Бүгүн ал эркиндикке чыгат деп күтүлүүдө.

Количество просмотров: 145