Күйөөсүнүн колунан өмүрү үзүлгөн келиндин сүрөтүн жарыялап, аял кишини айыптаган пост жазганы үчүн коомчулуктун айыптоо-сынына кабылган Инстаграм колдонуучу Айбек Уланов Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды.
Бул тууралуу 5-июнда адвокат Шердор Абдыкапаров маалымдап, блогерге каршы кылмыш иши «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» деген берене менен козголгонун айтты.
Кылмыш-жаза кодексиндеги бул берене (330) боюнча айыптуу деп табылган жаран беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Уланов, адвокаттын айтымында, Бишкектин тергөө абагына (ТИЗО-1) камалды.