Блогер Элмир Сыдыманов («Sydyman») Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 1997-жылы туулган Элмир Сыдымановду Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кармашты.
«Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ал өзүнүн Инстаграм баракчасынын түз эфиринде Кыргызстандын кээ бир облустарынын тургундары жөнүндө терс пикирин айткан.