• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Блогер Гүлзат Мамытбек 1 айга камакка алынды

28 Тогуздун айы 2021 0:40 Бишкек Govori.TV

Блогер Гүлзат Мамытбек бир айга камакка алынды.Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматкаылайык, Гүлзат Мамытбектин баш коргоо чарасы бүгүн, 27-октябрда Биринчи Май райондук сотунда каралып, соттун чечими менен ал 1 айга камакта калтырылды.

Коомчулукка Гүлзат Мамытбек деген ат менен таанымал блогер Гүлзат Алымкулова Жазык кодексинин 204-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде шектүү катары кармалганын буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлаган.

Милициянын маалыматына караганда, ага каршы арыз менен Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жети адам кайрылып, жалпысынан андан 110 миң долларлык зыян тартканын айтышкан.

Сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканы, ал Кыргызстандан 2020-жылдын февралында чыгып кеткени, кылмышка шектелип жатканы өзүнө ошол жылдын 8-июнунда айтылганы, 13-июлда бөгөт чарасы (Бишкектин №1 тергөө абагына камоо) аныкталганы, бирок өзү издөөдө болгондуктан иш убактылуу токтотулган. Шектүү 25-октябрда Кыргызстанга кайтканда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 340