• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Блогер Гүлзат Мамытбектин иши сотко өттү

15 Бештин айы 2021 17:36 Бишкек Govori.TV

Камактагы блогер Гүлзат Мамытбектин иши сотко өттү. Маалыматты Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Мамытбектин иши тергелип бүтүп, өткөн аптада сотко келип түшкөн.

Коомчулукка Гүлзат Мамытбек деген ат менен таанымал блогер Гүлзат Алымкулова Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен шек саналып жатат. Ал 25-октябрда Кыргызстанга кайтып келгенде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген. Милициянын маалыматы боюнча, ага каршы арыз менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жети адам кайрылып, жалпысынан андан 110 миң долларлык зыян тартканын айтышкан.

Количество просмотров: 315