• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

11 журналисттин иши сотко өттү

8 Бугу 2024 12:26 Бишкек Govori.TV

 Үстүбүздөгү жылдын январь айында “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кармалган 11 журналисттин иши сотко өттү. Бул тууралуу Govori.TVга адвокат Нурсултан Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, алгачкы отурумдун датасы белгилүү боло элек. 

«Иш тергелип бүтүп, бүгүн сотко өттү. Жакында алдын ала угуу болот»,-деди Жаныбеков.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган. Кийин жетөө үй камагына чыккан.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 85