• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Блогер Улукбек Карыбек уулунун иши кыскартылды

25 Үчтүн айы 202415:47 Бишкек Govori.TV

Блогер Улукбек Карыбек уулунун иши кыскартылды. Мындай чечимди Ош шаардык соту чыгарган.

Маалыматка ылайык, сот блогер Улукбек Карыбек уулунун ишинде кылмыштын белгилери жок деген негиз менен ишти кыскартты.

Эске салсак, өткөн жылы 7-июлда Ош шаардык милициясы төрөт үйүнүн дарыгерлеринен алар арткы эшикти бузуп кирип, уруксатсыз видеого тартып, дарыгерлердин жумушуна тоскоолдук кылып жатканы, дээрлик 37 миң сомдук чыгым келтирилгени тууралуу маалымат түшкөнүн, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышканын билдирген. Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде иш козголгон.

Количество просмотров: 133