Социалдык тармактарда жарыяланган видеосу сын пикирлерди жараткан блогерлер милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Алар тарабынан чыгарылган видео кыргыз тилин шылдыңдоокатары бааланып, коомчулукта кеңири талкуу жараткан.
Аталган факт Бишкек шаарынын ИИББнын Маалыматты каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иш чаралары башталган.
«Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизимге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттернүү кызматы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, видеодо көрсөтүлгөн жарандардын өздүгү аныкталып, алар 1991-жылы туулганТ.К., 1991-жылы туулган С.С жана1991-жылы туулган М.М. Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилиген.
Учурда алардын аракеттерине юридикалык баа берүү максатында тиешелүү соттук лингвистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында тиешелүү чечим кабыл алынат»,-деп жазылат маалыматта.
Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарды мыйзамдарды, мамлекеттик тилди урматтоого жана коомдук адеп-ахлак нормаларын сактоого чакырат.