«Куликов» кондитердик үйү менен блогер Айтилек Орозбековдун чырына чекит коюлуп, бири-бирине доосу жок экенин билдиришти.
Компаниянын өкүлдөрү Айтилек Орозбеков жана анын адвокаты менен жолугуп пикир алышкан.
Эске салсак, буга чейин блогер Айтилек Орозбеков «Куликов» кондитердик дүкөнүнө барып, орус тилинде тейлеген кызматкерге кыргыз тилинде тейлөөнү талап кылган. Кийинчерээк аталган компания анын үстүнөн арыз жазып, блогерге иш козголгон.