Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы блогер Айтилек Орозбеков кармалганын билдирди.
Облустук милициянын маалыматына караганда, 15-апрелде социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингде Айтилек Орозбековдун өзүнүн атынан ачылган Ютуб каналда улут аралык кастыкты козутуу фактысы аныкталган. Буга байланыштуу анын каналындагы видеолор соттук экспертизага жөнөтүлгөн.
Экспертиза “улут аралык кастыкты козутууну пропагандалоо белгилери камтылган” деген жыйынтык чыгарып берип, Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
“Тергөө иштеринин жүрүшүндө А.О. аттуу жаран 50дөн ашык мекемени өзүм билемдик менен текшерүүгө алып, бир тараптуу жыйынтык чыгарып, улут аралык кастыкты козутуу белгилеринин негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендиги аныкталган жана ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө А.О. аттуу жарандын буга чейин да (массалык баш аламандык фактысы боюнча) соттуулугу бар экени такталган”, — деп айтылат маалыматта.
Айтилек Орозбеков 6-майда кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.