Орусиялык блогер Илья Варламов Бишкектеги балдар сейил багында эркек адам администратор аялды кыргызча эмес, орусча жооп бергени үчүн уруп салган окуяга байланыштуу өз пикирин билдирип, Telegram каналында билдирүү калтырды.
Ал нааразы болуп жаткан адамдар тез арада чара көрүүнү, орус калкын коргоону талап кылып жатканын белгилеп, ошол эле учурда «Орусиянын өзүндө жагдай кандай?» деп суроо салган.
«Мен улутчул адамдарды жактырбайм, кыргыз, казак, орус болбосун. Орустар кайсы жерде болсо да өзүн коопсуз сезип, орус тилинде сүйлөгөнү үчүн эч ким сөз айтпашын каалайм. Ошол эле учурда, биз орустарга мекенинде жакшы мамиле кылуусун каалагандай эле кыргыз, өзбек, казактар Россияда өзүн ыңгайлуу сезишин каалайм», — деп жазган.
Бишкектеги балдар паркында эркек администратор аялды чаап салган. Бул тууралуу видео Инстаграмда жарыяланган, анда балдардын биринин атасы администратор кызга кол салып, аны уруп, аны менен кыргызча сүйлөшүүнү талап кылган. Кошумчалай кетсек, бул тема Россияда көтөрүлүп, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Миронов, Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин талкууласа, ал эми Владимир Жириновский Кыргызстандын элчилигинде нааразылык акциясын өткөргөн.