• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

BMW катуу ылдамдык менен баратып Lexus автосун сүзгөн

11 Теке 20190:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.07.2019. Govori.TV

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар Sputnik Кыргызстан агенттигине кырсык болгон учурдун видеосун беришти.

Окуя кандайча болгонун камерадагы убакыт 04:29:23тү көрсөткөн жеринен тарта байкоого болот. Видео жазылмага караганда, BMW катуу ылдамдык менен баратып Lexus автосун сүзгөн. Бир нече убактан кийин жерине Тез жардам унаасы келген.

Окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына BMW өтө катуу ылдамдык менен өткөнүн билдирди. Анын айтымында, BMW өткөндө анын унаасы титиреп кеткен.

Эскерте кетсек, 7-июлда таңга жуук Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан Бактуу-Долоноту айылында Lexus ES 330 жана BMW Х-7 автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми кроссоверде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков отурганы белгилүү болду.

Милиция BMW Х-7 унаасын Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну айдап келе жатканын билдирген.

Токобековдун өкүлү автоунаа Бишкектеги BMW борборуна таандык экендигин айтты.

Количество просмотров: 11