«Табак совхоз» жана «Аманбаев» өткөрмө бекеттери 2010-жылдан бери жабык турат. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев билдирди.
Талас облусундагы «Табак совхоз» жана «Аманбаев» посттору 2010-жылдан бери жабык турат. Жергиликтүү эл Чымкентке өтүү үчүн Тараз шаары аркылуу 150 километрден айланып келүүдө. Эки өлкө ортосунда эч кандай пикир келишпестик же талаш маселе жок. Кошуна өлкөнүн Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолукканда бул маселени чечиш керек, — деди Бокоев.