Болгарияда нөшөрлөп жааган жамгырда бери дегенде үч киши каза таап, экөө дайынсыз жоголду.
Ички иштер министрлиги 6-сентябрда Кара деңизге жакын, туристтер көп барган Царево калаасында эки эркек жана бир аял каза болгонун, эки аялды издөө иштери уланып жатканын билдирди.
Нөшөрдөн улам дарыяларда суу ташкындап, көпүрөлөрдү агызып кеткени, эки дамба бузулганы, жер көчкү болгону тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады. Полиция көптөгөн имараттарды суу каптаганын, электр жарыгы өчүрүлгөнүн маалымдады.