Пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жактоочунун жардамчысы Б.А.М. 1-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында кармалды.
«УКМКнын дарегине А.Б.Э. аттуу жаран кайрылып, Аламүдүн райондук сотунун Б.А.М. аттуу кызматкери соттун чечимин тездетүү үчүн опузалап акча талап кылгандыгына чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилүү болгондой, кармалган адам сот имаратында жүргөндө өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөтүп, соттук териштирүүнүн мөөнөттөрүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштаган.