• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Коррупцияга каршы элдик кызмат» коомдук бирикмесинин төрагасы пара менен кармалды

6 Чын куран 2023 17:51 Бишкек Govori.TV

«Коррупцияга каршы элдик кызмат» коомдук бирикмесинин төрагасы акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМнин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Октябрь райондук ИИБ ТКнын өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча ар кандай маселелерди «чечип берем» деген шылтоо менен өзүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын биринин кызматкери катары көрсөтүп, өзүнө ишенген жарандарды адаштырып, өзүнө пайда көрүү максатында Бишкек шаарынын бир жаранынан опузалап 100 миң сом алып аткан жеринен «Коррупцияга каршы элдик кызмат» коомдук бирикмесинин төрагасы Э.У.Т. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Э.У.Т. буга чейин 200 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алгандыгы жана кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартуу боюнча көмөк көрсөткөндүгү үчүн кошумча 4 000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 135