• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Болот Назаровдун жубайы: Жолдошум баңгизат колдончу эмес

23 Үчтүн айы 2022 14:25 Бишкек Govori.TV

Менин жолдошум баңгизат колдончу эмес. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда төкмө акын Болот Назаровдун жубайы Нурзат айым журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Видео материалдагы адам менин жолдошум эмес, тааный алган жокмун. Болот андай ишке барбайт. Баш кошконубузга 9 жылдын жүзү болду, баңгизат колдонбойт. Буга чейин дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Кармалгандан бери сүйлөшө элекмин»,-деди төкмө акындын жубайы.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен. Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында жалпысынан эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров өзү, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн 23-январда ИИМдин башкармалык башчысы Сапарбек Аманкулов мекеменин алдында тынч митингде журналисттерге билдирди.

Болот Назаровдун кармалышын мыйзамсыз дегендер дагы митингге чыгышты. Ага акындын жакындары, үй-бүлөсү, кичинекей кызы да келгенин көрүүгө болот. Төкмө акын Болот Назаров бийликтин туура эмес иштерин сындап ырдаган. Анын «Жемкорлукка», «Тууганды бийлер туташты», «Эки дос» жана «Камчыке, кара калкыңды» деген чыгармалары чыккан.

Количество просмотров: 6028