• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жылкы уурдоого шектелип кармалган төкмө акын камакта калды

11 Үчтүн айы 20239:43 Бишкек Govori.TV

Төкмө акын Болот Назаров дагы эки айга камакка алынды. Соттун чечимине ылайык акын №1 тергөө абагында кармалат.

10-январда Москва райондук сотунда жылкы уурдоо фактысы боюнча иш каралган. Отурумдун жүрүшүндө судья айыпталуучуга 16-мартка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Эске салсак, 9-ноябрда Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жылкы уурдоого шектелип, төкмө акын Болот Назаров кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 733