• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялады

13 Жалган куран 2023 17:19 Бишкек Govori.TV

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева 13-марттан тарта ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу маалымат Тенгиз Бөлтүрүктүн Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Илмира Алпысбаева ачкачылык акциясын жолдошу үй камагына чыгарылбай, ага дарыланууга шарт түзүлбөй жатканы үчүн кармап жатканын билдирди.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор камакта жаткан Тенгиз Бөлтүрүк менен кызматкерлери жолугуп чыкканын кыйноолор боюнча маалыматты Бөлтүрүк четке какканын айтышты.

Буга чейин Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева 9-мартта жолдошунун дем алуу органдары жабыркаганын билдирген. Ал мурдараак прокуратуранын имаратында Бөлтүрүктү күнөөнү моюнга алуу үчүн бөлмөгө камап, бир нече саат бою кишендеп коюшканын айткан.

Эске салсак, август айында Кумтөрдө каржылык мыйзам бузуулар тууралуу белгилүү болгон. Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү жана аны менен кошо жооптуу эки адис кармалган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Количество просмотров: 318