• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Төкмө акынга 10 жыл сураган прокурор боюнча Зулушев комментарий берди

31 Үчтүн айы 2023 12:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-январда Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022-жыл ичиндеги прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Зулушев төкмө акын Болот Назаровго 10 жыл абак жазасын сураган прокурор боюнча комментарий берди.

«Төкмө акын Болот Назаровдун иши боюнча айыбы угузулуп, иш сотко жетти. Соттук процесске катышкан мамлекеттик айыптоочунун өз эрки, басым болбойт. Эгерде ал «күнөөсү бар» деп санаса канча жылга кесүү боюнча соттон сурайт. Прокурор ошол максатта 10 жыл сурап жатат. Ал эми сот күнөөсү жок деп актап чыгарды. Биз сотко катышкан айыптоочуну «аша чаап сурагансың» деп ал боюнча апелляциялык арыз жазган жокпуз. Себеби сот чечим чыгарды. Ар бир соттук процесске катышкан мамлекеттик айыптоочуларга биз эркиндик беребиз»,-дейт Зулушев.

Чүй облустук милициясы Назаровду былтыр 9-ноябрда “Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган” деген шек менен кармаган. Төкмө акын өзү 7-ноябрда Беловодское айылында ат оюндары менен коштолгон чоң той болгонун, айылдын тургуну ага ат мингизгенин айтып, жылкыны кайтарып бергенин билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен шек саналып жаткан Назаровду сот үй камагына чыгарган.

Количество просмотров: 112