• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Болот Отунбаевге Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугуу сунушталды

20 Аяк оона 2018 11:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.09.2018. Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчиси, Болот Отунбаев  мекендештери барган кафе, спорт залдар жана башка жерлерди кыдырып, мигранттарга мыйзам бузбоону жана кыргыздардын кадыр, баркын кетирбөөнү түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов билдирген.
Анын айтымында, кыргыз диаспорасы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевге кат жолдоду.
«Кыргызстандыктар катышкан  Жол кырсыгы жана ушуга окшогон окуялар бардык мигранттардын жана кыргыз элинин кадырына доо кетирип жатат. Ушуга байланыштуу Москвада жашаган кыргызстандык жарандарга алдын алуучу маек жүргүзүү зарыл, — деп түшүндүрдү «Замандаштын»»,- лидери Молдокматов.
Бул демилгени аксакалдар кеңеши жана координациялык кеңеш көтөргөндүгүн билдиришти.
Болот Отунбаевге жолдогон катта активисттер бирге иштөөгө даяр экендиктерин билдиришкен.
Количество просмотров: 25