• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга унаа айдоого, банк кызматын пайдаланууга уруксат берилбейт

19 Аяк оона 202417:16 Бишкек Govori.TV

Мыйзамсыз жүргөн мигранттар Орусияда никеге турууга, банктардан жана мамлекеттик кызматтардан пайдалана алышпайт. Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой «Коммерсантъ» гезитине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин реестри түзүлүүдө. Ал кошумчалагандай, мыйзамсыз жүргөндөр реестрге киргизилгенден кийин унаа айдай албайт, банк кызматтарынан пайдалана албайт, мүлкүн каттай албайт, никеге тура албайт, балдарын бала бакчага жана мектепке каттоого болбойт.

Министрдин орун басары бул долбоорду ишке ашыруунун алкагындагы негизги милдеттердин катары, «жогоруда аталган кызматтарды көрсөткөн уюмдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү» атады.

Количество просмотров: 116