Мамлекеттик Думанын «Адилеттүү Орусия — Чындык үчүн» фракциясынын депутаттары мигранттардын акча которууларына мамлекеттик алым (пошлина) киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун даярдап, парламенттин төмөнкү палатасына сунушташат, деп билдирди Сергей Миронов.
«Мигранттардын акча которуусуна мамлекеттик алым киргизүү керек… Эгерде биз 3 %дык алым киргизсек, казынага эки гана өлкөгө – Кыргызстан менен Өзбекстанга которуудан 45 миллиард рублдан ашык акча түшөт. Биз мыйзам чыгаруу демилгесин даярдап, аны Мамлекеттик Думага сунуштайбыз», — деди ал өзүнүн Telegram каналында.
Миронов 2024-жылдын аягында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары Орусия Федерациясынан өз өлкөлөрүнө 14 миллиард доллардан ашык акча которгонун, мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда эч кандай салык төлөбөй турганын, ал эми алар өлкөдөн ири суммадагы акчаны чыгарып кеткенин белгиледи. .