• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Болсунбек Казаков камакка алынды

11 Чын куран 2018 12:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек 11.04.18 Govori.TV
Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков 10-апрелде камакка алынды. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз катчысы билдирди.
Болсунбек Казаковго  Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренеси (Лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
« Казаков шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат,- дейт басма сөз катчы.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз «ВостокТехКомплект» компаниясы уткан.
Эске салсак бул мүлктүн сатылышы боюнча журналист Элнура Алканова иликтөө жүргүзгөн. Ал  мыйзамсыз иштер бар экенин жазып чыккан.
Количество просмотров: 21