• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нооруз майрамы менен жылдыздар куттукташат

20 Жалган куран 2018 16:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.03.2018.Govori.TV

Күн менен түн теңелген 21-март күнү  Нооруз майрамы белгиленип, кыргыз эли сүмөөлөк кайнатып, көжө бышырып тилек айтып аманчылык, токчулук, молчулук тынчтык болсун деген аруу тилектери менен майрамды жакшы маанайда тосуп алууга камынышат. Нооруз майрамы миңдеген жылдардан бери белгиленип келсе дагы  майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон белгиленип келет.

КРнын Эл артисти Саламат Садыкова: «Нооруз майрамы жалпы журтка жакшылыгын алып келген майрам болсун»

Улустун улуу айы ыйык майрамы. Ноорузда жер эне ойгонуп элдин ой санаасы жаңырып  жашарат. Бул майрамда ата-бабаларыбыз кетмен чоку алып арыктарын тазалап желин айрылып сүт чыксын, жер жарылып чөп чыксын деп аруу тилектерин айтышкан. Мен дагы ошондой кыргыз элине бабаларымдын нускасында үйдүн босогосунан чыгып жатканда тилеп чыктым. Жалпы журтка жакшылыгын алып келген айдан аман, жылдан эсен, башыбыз аман болуп, бала-бакырабыз менен кыргыз элинин ынытымагын ширеткен дасторкондо берекесин жайнаткан дан толсун, мал толсун, дөөлөттүү мекенибизди, ыйык Ала-Тообузду кыргыз бабам берип кеткен касиеттүү жерибиздин төрүндө биримдикте, тирүүлүктө элимдин зоболосу көтөрүлө берсин. Алас, Алас ар балээден алыс болсун!

Маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабеков:»Жазында кандай эмгектенсек, күзүндө ошонун ырахатын көрөлү»

Жаз деген бул жаңылануу. Жаз айында адамзаттын жашоосуна, жан-жаныбарлардын жашоосуна жаратылышка баардыгына жан кирет. Жаз айы менен кошо күн менен түн теңелген 21-март Нооруз майрамы куттуу болсун. Бала кезимден бери эле Нооруз дегенде майрамды, элдин токчулугун, кыргыздын улуттук оюну ойнолуп элдин ырдаганын элестетип азыркы убакытка чейин Нооруз майрамы мага ушундай элестетилет. Ноорузда эл-журтка тынчылык, аманчылык, токчулук каалайм. Буйруса “жаз жарыш, күз күрөш” дегендей жазында кандай эмгектенсек, күзүндө ошонун ырахатын көрөлү деген тилекти кыргыз элиме каалайм.

«Сармердендин»шайыр жеңеси, ырчы Анара Шаимкулова: «Элибизде ынтымак болуп, Нооруз майрамды жакшы маанай менен тосуп алалы»

Көк деген жакшы. Көктөмдө адамдар кыштан аман-эсен  чыгып төл башталып, жерге көк чыгып, адам заттын жашоосунда жаңылануу болот. “Жер жарылып чөп чыгып, желин жарылып сүт чыккан” маалда кыргызда  ата-бабабыз майрамдап келген Нооруз майрамы белгиленет. Токчулукту, молчулукту тилек кылган Нооруз майрамы менен калкымды, элимди куттуктайм.  Бул жылы токчулук болуп майрамда жасалган көжө, сүмөөлөктөгү тилектер кабыл босун. Эң негизгиси элибизде ынтымак болуп бири-бирибизди урматтап сыйлап Нооруз майрамды жакшы маанай менен тосуп алалы.

Акын Бердибек Жамгырчиев: «Касиеттүү нарктуу кыргыз элимди кирип келген Нооруз майрамы менен куттуктайм»

«Оролушкан ойлор кетип жапайы

Көз карашты жаңылаган жаз айы

Көктөм көөсүн, көктөн чертип жаткансыйт.

Кыргызымдын кыраан чебер Атайы»  -дегендей мына ушул көктөм күүсү, көктөм жазы келип калган маалда касиеттүү нарктуу кыргыз элимди кирип келген Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Нооруз бул кыргыздын өзүнө гана таандык тиешелүү эң сонун майрам. Күн жылып жер жарылып чөп чыгып, желин айрылып сүт чыккан бул күндөрдө ар бир үйдө токчулук, молчулук болсун, эч качан уруш болбой биримдик, ынтымак болсун. Нооруз майрамын бийик деңгээлде белгиленишине чын жүрөктөн тилектештигимди билдирем.

Количество просмотров: 134