Бишкектеги «Ататүрк» паркына «бомба» коюлганы тууралуу жалган маалымат берген адамга кылмыш иши козголду. Анын жоругу Кылмыш-жаза кодексинин 228- беренесине («Террорчулук актысы боюнча жалган маалымат берүү») ылайык иликтенүүдө.
Белгилей кетсек, 8-апрелде кечке жуук Бишкек шаардык милициясына белгисиз адам «Ататүрк» паркына бомба коюлганын телефон аркылуу билдирген. Атайын кызмат менен шаардык ички иштер башкармалыгынын адистери паркты курчоого алып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок, парктан эч нерсе табылган эмес. Бул маалымат жалган экени жана аны 43 жаштагы жергиликтүү тургун мас абалында милицияга кабарлаганы аныкталган.