• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бомба тууралуу маалыматтан улам окуучулар эвакуацияланды

18 Бештин айы 202310:51 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бир нече мектептин имаратында жардыруучу зат орнотулганы тууралуу маалыматтан улам окуучулар, мугалимдер эвакуацияланды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ырастаган.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-декабрда милицияга №33, 89 жана 67-мектептерге жардыргыч заттар коюлган делген маалымат келип түшкөн.

Учурда жеринде милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын жана мугалимдерди толук эвакуациялоо иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 174