• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Боом капчыгайы унаалар үчүн толугу менен ачык

2 Баш оона 2022 9:34 Бишкек Govori.TV

Боом капчыгайы унаалар үчүн толугу менен ачык. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сел болгон жерге «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын атайын техникасы — автогрейдер, бир жүктөгүч, алты самосвал жана бир манипулятор тартылган. Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 151-чакырымынан 153-чакырымына чейинки бөлүгү тазаланып, саат 01.48де ачылды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 1-августта Боом капчыгайында кайрадан сел жүрүп, андан улам унаалардын кыймылы бир тараптуу жатылган болчу.

Количество просмотров: 144