Бишкек.22.04.2019.Govori.TV
Бүгүн Боом капчыгайынын оозунда, Тоң районундагы урандын казылуусуна каршы адамдар митинге чыгышты. Учурда Боом капчыгайында 300 гө жакын киши нараазычылыктарын билдирип, кең казыла турчу жерге барууну пландаштырып жатышат.
Аталган нараазычылык акциясына Балыкчынын, Тоңдун, экологиянын бузулушуна кайдыгер карабаган жергиликтүү тургундары өз каалоолору менен келип катышууда. Митингге катышууга келген Кемин районунун тургуну Асанбек Кубатбек уулу «урандын калдыктарын тундуруучу эч нерсе жок болсо,ал каяка агат? Ысык-Көлүбүздү сактайлы!”-деди.
Буга чейин маалым болгондой, ушундай эле митинг 26-апрель күнү Бишкек шаарында өтүүсү пландалууда.