• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

22 Бугу 202211:20 Бишкек Govori.TV

 «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 23-майдан 27-майга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымындагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлө туганын эскертет.

Ишканадан билдиришкендей, таш кулатуу учурунда унаа жолго чектөө киргизилип, жол убак-убагы менен жабылып турат жана иштер күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейинки аралыкта жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, 30-40 унаа топтолгон учурда таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Количество просмотров: 227