• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Боом капчыгайында унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет

8 Кулжа 202110:48 Бишкек Govori.TV

Боом капчыгайында атайлап таш түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-июнда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы) атайлап таш түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

Коопсуздукту сактоо максатында атайлап таш түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учурда унаалардын бардык түрүнө саат 09:00дөн 15:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилип турат.

Количество просмотров: 114