• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боомдо бир нече күн унаа жолу жарым-жартылай жабылат

24 Аяк оона 202112:33 Бишкек Govori.TV

27-сентябрдан 1-октябрга чейин Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы) коркунуч жараткан таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Ага байланыштуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат. Жумуштар күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп, 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлөт.

Количество просмотров: 115