Боом капчыгайында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Анын кесепетинен Бишкек–Нарын–Торугарт жолун суу каптап, унаа кыймылына кыйынчылыктар жаралды. Бул тууралуу кубөлөр маалымдады.
Ал эми ӨКМнын маалыматына ылайык, саат 14:40 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 150-чакырымын суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жолду тазалоо үчүн жерине 1 грейдер, 1 кран жана Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.
Басма сөз кызматы окуя боюнча кошумча маалымат берилерин айтат.