• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Боомдо таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

16 Тогуздун айы 202317:35 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 17-октябрдан 20-октябрга чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3886-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,таш кулатуу иштери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Количество просмотров: 78