• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Боомдо таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

14 Чын куран 202317:07 Бишкек Govori.TV

17-апрелден 21-апрелге чейинки аралыкта Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай иштер Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында жана темир жолдун Боом капчыгайындагы 3886-чакырымында жүргүзүлөт.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин иш күндүзгү сааттарда саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Количество просмотров: 94